Биз социалдык тармакта

Гонконгдо маймыл чечегин жуктургандар көбөйгөндүгү айтылууда

Кытайдын Гонконг шаарында 2026-жылдын башынан бери маймыл чечегин жуктуруунун 30 учуру катталды. Бул тууралуу шаардын Саламаттыкты сактоо борбору билдиргенин чет элдик ЖМКлар кабарлашууда.

Маалыматка ылайык, анын 21 учуру август айынан бери аныкталды.

"Ооругандардын баары эркектер, алардын көпчүлүгү эмдөөдөн өткөн эмес. Адистер оорунун көбөйүшүнүн себебин жыныстык катнаш менен байланыштырышууда. Андыктан эмдөө программасы кеңейтилди. Акыркы эки жумада тобокелдик тобундагы 360ка жакын адам эмдөөдөн өттү",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан