Бүгүн, 12-октябрда Түндүк Корея Япон деңизин көздөй баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери билдиришти.
Түштүк Кореянын Бириккен штабдар комитетинин маалыматына караганда, ракеталардын айрымдары 900 чакырымдан ашык аралыкты басып өткөн.
Эске салсак, Түндүк Корея буга чейинки баллистикалык ракетасын 3-октябрда учурган.