Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы "Падыша Халид" атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 12-октябрда билдирди.
Айта кетсек, ишемби күнү хуситтер Эр-Рияддагы аба майданга чабуул жасашкан. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алган.
ТИМ аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерге төмөнкүлөрдү сунуштады:
- Жеке коопсуздук чараларын көрүүнү;
- Жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну;
- Авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону;
- Кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан алыс болууну.