Президент Садыр Жапаровдун Баткен эли менен болгон жолугушуусунда кыйын кырдаалга кабылган Гүлзат аттуу айымдын үнү өлкө башчысына жетти. Жыйында аталган айым жеке ишкер жолдошу экинчи аял алып, үч баласы менен аны үйүнөн кууп жатканын билдирди. Ал ажырашууга арыз берип, мүлк бөлүшүүдө адилетсиздик болуп калганын кошумчалады.
Президент аталган жагдайды өз көзөмөлүнө алгандыгын белгилеп, тийиштүү кызматтарга тапшырма берди.
"Соттор, прокурорлор ушундай учурда адилеттүү болушуңар керек. Жолдошу аялы менен үч баласын таштап, башкага үйлөнүп кетип, эч нерсе бербей дагы, кайнисине арыз жаздырып жатканы кантип болсун? Калыс карап, жардам бергиле бул айымга. Акчасына таянып алып, анча-мынча акча берип коюп чечип келе жаткан экен да. Экинчи аял алгандан кийин мал-мүлкүн балдарына таштап эле чыгып кетпейби. Эркекетер да бузулду",- деди президент.
Ошондой эле Гүлзат айым жолдошунун эки нике күбөлүгү бар экенин тастыктаган кагаздарды көрсөттү. Өлкө башчысы мыйзам чегинде мындай ишке жаза бар экенин баса белгиледи.