Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт 

Эртең, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында суу убактылуу тоутотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объектилеринде ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай багытындагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

- Алыкулов көчөсү – Костанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л. Толстой көчөсү – «Coca-Cola» аймагы;

- Садыгалиев көчөсү – Чүй проспектиси – П. Лумумба көчөсү – Волков көчөсү – Костанай көчөсү, андан ары Алимжан-Ата көчөсү – Чоң Чүй каналы (БЧК) – Ленская көчөсү – Космонавттар көчөсү – Коммунаров көчөсү – Чоң Чүй каналы (БЧК) – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Чүй проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгерчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчина көчөсүнө бурулуш – П. Лумумба көчөсү – Жамгерчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
- «Аскер шаарчасы», «Кызыл-Аскер» конушу, 110-квартал жана «Достук» кичи району.

Анын себеби "Западный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу экени кошумчаланды. Мэрия шаар тургундарды суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан