Ош облусунун Араван районундагы Караван – Төө-Моюн унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде жер жумуштары толук аяктады. Жумуштарды аткарууга 3 каток, 1 асфальт төшөөчү техника, 1 автогрейдер, 2 суу ташуучу унаа, 40 автосамосвал жана 10 кызматкер тартылды.