Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышты.
Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чара мамлекеттик чек аралардын коопсуздугуна жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын дагы бир айкын далили экенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекемдөө – эң негизги милдеттерден болуп саналат. Мамлекет күчтүү болушу үчүн экономикасы туруктуу, мамлекеттик институттары натыйжалуу, коомдо мыйзамдуулук жана тартип бекем болушу керек. Акыркы жылдары өлкөбүздө инфратүзүмдү жаңылоого, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө, энергетикалык жана транспорттук потенциалды жогорулатууга, аймактарды өнүктүрүүгө жана куралдуу күчтөрдүн кесипкөй болушуна багытталган масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат”,- деди Жапаров.
Президент ушул тапта өлкөбүздүн мамлекеттик чек арасы инженердик-техникалык жактан бекемделип, анын ичинде Кыргыз-Тажик чек ара тилкеси атайын зым тосмолор менен тосулганын өзгөчө белгиледи.
“Мамлекеттик чек араны кайтарып, мекен үчүн өтө жооптуу милдетти татыктуу аткарып келе жаткан ар бир аскер кызматчысынын эмгегин жогору баалап, аларды колдоо жана сыйлоо максатында 30 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматчысына тиешелүү тартипте толук жана адилеттүү жеткирилсин!",- деп белгиледи мамлекет башчысы.