Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Мелис Мамадалиев Кореянын президенти Ли Чжэ Мёнго Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар кыргыз-корей мамилелерин чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Кореянын президенти элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.