11-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жер көчкүдөн улам Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 22-23-чакырымдарында убактылуу айланма жол салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, 10-октябрда Кара-Кулжанын Тогуз-Булак айылында жер көчкү активдешип, анын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түздү. Көчкүнүн багытында эки турак үй жана унаа жолу жайгашканы аныкталып, 11 адам эвакуацияланды.