
Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп
Нурсултан Дүйшөнбеков дайындалды.
Тиешелүү буйрукка курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчи 12-октябрда эмгек жамаатка тааныштырылды.
Дүйшөнбеков буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.