Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылында белгиленбеген жерге таштанды төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 12-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мыйзам бузган жаранга 12 миң 500 сом айып пул салынды.
Туристтик милиция айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо багытындагы иштерди улантат.