Кечээ, 12-октябрда президент Садыр Жапаров Кадамжай району менен Кыязыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда өлкө электр энергиясы жаатында импорттон эскпортко өтөрүн билдирди. Бирок бул иш-аракеттер 3-4 жылдан ашык убакытты талап кыларын айтып, жарандарды сабырдуулукка чакырды.
"Буга чейин ГЭСтерди, күндөн электр кубаттуулугун алуучу станцияларды курбай койсок, азыр биз электр энергиясын саатына 8 миллиард киловатт сатып алмакпыз. 50гө жакын кичи ГЭСтерди ишке киргиздик, күндөн электр энергиясын алуучу станцияны курдук, Токтогулдагы оңдоо иштери жүрдү ошондо да тартыштыкты кууп жете албай жатабыз. Эмне үчүн дегенде 521 завод-фабрика, 1075 социалдык объект салынды. Ошонун баары электр энергиясын талап кылат. Курулуштарды курбай, ГЭСтерди салган боюнча отурсак анда каалашыңарча электр энергия берилмек. Ушунча чыдаган 3-4 жыл чыдап турушубуз керек. "Камбар-Ата 1" ГЭСин баштайбыз келерки жылы. 5 жылдын ичинде бүтөбүз. Кара-Кечеге ЖЭБ салганы жатабыз. Ошолор бүтсө тартыштык жоюлуп, (ред.: электр энергиясына) экспорттой баштайбыз",- деди өлкө башчысы.