
Алдамчылык фактысына шектелип, издөөдө жүргөн Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин биргелешкен ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен М.Н. аттуу жарандын 150 миң долларын алдамчылык жолу менен ээлеп алган деп шектелип, издөөдө жүргөн. Мындан тышкары, ал интернетке чагымчыл материалдарды жарыялап, митингдерге, массалык баш аламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды жасаган деп шектелүүдө.
Учурда жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Сыргак Кенжебаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан акыркы жылдары бийликти сындаган билдирүүлөрдү жарыялап келген.