Биз социалдык тармакта

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады

О! Мобилдик оператору Түндүк – Түштүк альтернативалык стратегиялык унаа жолунун эң маанилүү жана жетүүгө татаал тилкелеринин бири болгон «Көк-Арт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда туруктуу байланыш жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыздоо иштерин аяктады.

Бул тилкеде байланыш инфраструктурасын өнүктүрүү – жол кыймылынын коопсуздугу, чукул кызматтардын ыкчам аракеттенүүсү, ошондой эле өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарынын ортосунда каттаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү жасалган иштерге жана мекемелер аралык ийгиликтүү кызматташууга жогору баа беришти:

«Биргелешкен аракеттердин аркасында, биз алдыга койгон максатка жетип, жарандарыбыз үчүн дагы коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, унаа жолунун стратегиялык маанилүү тилкелеринин бирин туруктуу интернет байланышы менен камсыз кылдык. Түздөн-түз катышып, бул милдетти ишке ашырууга өз салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем!»

Бийик тоолуу шарттарда жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү татаал техникалык-инженердик чечимдерди талап кылган. Жүргүзүлгөн иштердин аркасында КӨП кызматкерлерине, жол кызматына жана жолдо жүргөн жарандарга азыр О! операторунан ишенимдүү үн байланышы жана маалыматтарды өткөрүү кызматы жеткиликтүү.

О! Мобилдик оператору Кыргызстандын коомдук жактан маанилүү жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында тармактын камтуу аймагын пландуу түрдө кеңейтүүнү улантууда.

Кыргызстандын каалаган жеринде байланышта болуңуз. О! – калк жашаган аймактын 99,8% ашыгын камтыган өлкөнүн лидер тармагы. «Мой О!» тиркемесинен же O!Store кеңселеринен түйүнгө туташыңыз.

О! – сиздин технологиялык байланышыңыз.

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК караштуу МБАнын лицензиялары: №16-0062-КР 06.12.2016, №16-0063-КР 06.12.2016. Кененирээк: o.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан