Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү мектеп-интернатта 14 жаштагы өспүрүм сабалганы айтылууда

Чүйдөгү ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатта 14 жаштагы өспүрүмдү өзүнөн эки жаш улуу тарбиялануучу сабап салды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган окуя ушул жылдын 28-сентябрына караган түнү болгон. Жабырлануучунун бетинде, көзүнүн айланасында көгөргөн тактар жана денесинде башка жаракаттар аныкталды. Ошондой эле анын көзү начар көрүп калганы кошумчаланды.

Акыйкатчы институту интернаттын жетекчилигин баланын коопсуздугун камсыз кылууда жана окуяга өз убагында чара көрүүдө кемчиликтерге жол берген деп белгиледи. Окуя болгон түнү нөөмөттө тарбиячылар болгон эместиги, ошондой эле жабыркаган балага өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөнү кошумчаланды.

Бүгүн Чүй облустук милициясы аталган жагдай каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын SUPER.KG порталына тастыктады. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чара көрүлөрү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан