Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик цирктин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда Жапаров мамлекеттик колдоонун аркасында цирк жаңыланып, өнөрпоздорго жана көрүүчүлөргө бардык шарттар түзүлгөнүн, бирок ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты.
Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды.
"Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ",-деп айтылат маалыматта.