Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев жеке маселелери менен кайрылган шаар тургундарын кабыл алды.
Мэриянын маалыматына ылайык, кабыл алууда жылуулук тармагына туташуу, каналдын жээгин бетондоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана Эне-Сай конушунан турак жай алуу маселелери көтөрүлдү.
Пайзиев айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү тартипте кароо жана чечүү боюнча жооптуу кызматтарга тапшырмаларды берди.