Бүгүн, 13-октябрда "Скорпион" (52806) атайын багыттагы аскер бөлүгүнө жаңы чакырылган жоокерлер келишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жоокерлер баштапкы аскердик даярдыктан өтүп, Ата Мекен алдындагы милдетин аткарууга даярданышат.
Белгилей кетсек, "Скорпион" - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү атайын багыттагы бөлүк. Мындай бөлүктөрдө аскер кызматкерлери атайын тактикалык жана дене даярдыгынан өтүп, ар кандай шарттарда тапшырмаларды аткарууга үйрөтүлөт.