Чүй милициясы миграция мыйзамдарын бузган 86 чет элдик жаран аныкталганын билдирди.
Маалымдалгандай, облус аймагында 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдик жарандарды жумушка алган 18 уюмдун иши текшерүүгө алынган. Натыйжада жумушчу визаларын бузган 86 чет элдик жаран аныкталып, аларга карата протоколдор тузүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 582 миң 500 сом болгон.