Нарында 1 миллион 72 миң 150 сом суммасындагы чийки зат мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылгандыгын аныкталды. Бул тууралуу 13-октябрда Бажы кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, "Нарын" эркин экономикалык зонасынын аймагында жайгашкан "К.-К.-Ө." ишканасы текшерүүгө алынган. Анда ишкана буга чейин 560 миң килограмм чийки затты "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жобосуна жайгаштырганы белгилүү болгон. Бирок бажылык тариздөөнүн маалыматтары менен иш жүзүндөгү калдыктарды салыштырганда 141 миң 900 килограмм чийки заттын турган жерин ырастаган документтер жок экени такталган.
Мындан тышкары, дагы 162 миң 5 килогармм чийки зат бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн сатылганы аныкталган. Келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке төлөнгөн.