Талас шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясы 13-октябрда билдирди.
Маалымдалгандай, түшүндүрүү иштери милиция жана социалдык камсыздоо кызматкерлеринин катышуусунда өткөн. Мэрия буга чейин Талас шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын, ага шектүү жаран 3 суткага камакка алынганын белгиледи. Деген менен факт тууралуу толук маалымат берилген жок.