Кыргызстандык балбан Кубанычбек Аринов күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алды.
Ал 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, 3-орун үчүн болгон кармашта өзбекстандык балбан Мехрож Бахрамовду жеңди. Натыйжада кыргызстандык балбан өлкө капчыгына алгачкы медалды алып келди.
Белгилей кетсек, мелдеш 18-октябрга чейин АКШнын Лас-Вегас шаарында уланат.