Биз социалдык тармакта

Конгодо эбола вирусунан каза болгондордун саны 4 миңден ашты

Конгодо эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 9 миңден, ал эми каза болгондордун саны 4 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык каза болгондордун басымдуу бөлүгү ооруканадан тышкары жерде каза болгон. Акыркы 24 сааттын ичинде вирустун дагы 88 учуру катталып, илдет өлкөнүн 7 аймагында катталган.

Илдет менен күрөшүүдө өкмөттүк аскерлер менен куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар, калктын жыш миграциясы, дары-дармектин жана дарылоо борборлорунун жетишсиздиги жолтоо болууда. Ал ортодо вирус коңшу өлкөлөргө да коркунуч жарата баштады. Жакында Угандадан кийин Кенияда да Конгодон келген эбола учуру катталганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан