Кечээ, 13-октябрда америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы SpaceX компаниясынын акциялары арзандагандыктан 28,6 миллиард долларга кыскарып, ал триллионер макамынан ажырады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы 977,2 миллиард доллар деп бааланууда. Шейшембиде SpaceX компаниясынын акциялары 3 пайызга, ал эми Tesla компаниясынын акциялары 0,5 пайызга төмөндөдү.
Белгилей кетсек, Маск июнь айында SpaceX компаниясынын акциялары ачык сатууга чыгарылгандан кийин дүйнөдөгү биринчи триллионер болду.