
Быйыл өлкөдө дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла көбөйдү.
Айыл чарба министрлигинин бүгүн, 14-октябрдагы маалыматы боюнча, дыйкандар 2,5 миллион тоннага жакын дан эгин жана 965 миң тонна картошка жыйнашкан. Дан эгиндерин жыйноо боюнча Чүй облусу алдыңкы орунда турат. Дан үчүн өстүрүлгөн жүгөрүнүн дүң жыйымы 671 миң тоннадан ашып, былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Жалпы дан жыйымы өткөн жылга караганда 714 миң тоннага жогору экени айтылды.
"Өлкө боюнча 965 миң тонна картошка жыйналып, былтыркы көрсөткүчтөн 317 миң тоннага ашты. Картошканын негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда өндүрүлдү. Жашылчалардын дүң жыйымы 891 миң тоннаны, ал эми бакча өсүмдүктөрүнүн түшүмү 240 миң тоннаны түздү.
Кант кызылчасын жыйноо иштери уланууда. Айдоо аянттарынын үчтөн бир бөлүгү жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 420 центнерди түздү. Өлкөнүн түштүк аймактарында пахта жыйноо темпи өткөн жылга салыштырмалуу эки эседен ашык жогорулады. Кампаларга 16 миң тоннадан ашык пахта жеткирилди",- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.