Айдоочулук күбөлүгүнөн мурда ажыратылганына карабастан, такси кызматын көрсөтүп жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 184-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 20 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короого киргизилген.
ЖКККББ жарандарды такси кызматынан пайдаланууда тиешелүү лицензиясы бар унааларды гана тандоого чакырды.