Франция курамасынын мурдагы коопсуздук кызматынын жетекчиси Мохамед Санхаджи футболчу Килиан Мбаппенин апасы Файза Ламариге төрт виза алууга жардам берген деп шектелүүдө. Бул тууралуу L’Équipe басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, тергөө версиясы боюнча, “Реал Мадриддин” чабуулчусу Килиан Мбаппе бул үчүн 60 миң 300 евро төлөгөн. Футболчу бул иш боюнча шериктеш катары каралып жатканы айтылууда.
Басылманын маалыматына караганда, Мохамед Санхаджи буга чейин да коррупциялык жаңжалга кабылган.