"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда аталган мекемеден билдирди.
Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Чехиянын делегациясы үчүн жаңыланган «"Манас" эл аралык аэропорту боюнча экскурсия уюштурулду.