Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 2,5 айдан кийин желим буюмдарды колдонууга тыюу салынат (видео)

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда желимден жасалган баштыктарды жана желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга, акысыз таратууга жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-октябрда аталган министрлик желим буюмдарды өндүрүп жана кайра иштетип жаткан ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Анда ишканалардын жаңы талаптарга даярдыгы, биологиялык жол менен ажыроочу материалдарга өтүү жана пластик калдыктарын кайра иштетүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлик бул багытта өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен биргеликте жумушчу топ түзүүнү пландаштырып жаткандыгын кошумчалады.

Кыргызстанда 2027-жылдан тарта пластик пакеттерге тыюу салынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан