Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы өспүрүм кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, унаа менен качууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 14-октябрда болду. Анда Лада Приора үлгүсүндөгү унааны айдоочулук күбөлүгү жок башкарып бара жатканы аныкталган. Өспүрүм кызматкерлерге баш ийбей, унаасы менен качып кетүүгө аракет кылды. Айдоочу үйүнө жеткен учурда кармалып, ага карата жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 9 протокол түзүлдү. Унаа айып короого жеткирилди.
Алдын ала берилген маалыматка ылайык, айдоочуга карата жалпы суммасы 130 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.