13-15-октябрь күндөрү абактагы адамдар арасында шахмат боюнча VI континенттер аралык дүйнөлүк чемпиондук онлайн форматта өткөрүлдү.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, эл аралык интеллектуалдык мелдешке өлкө атынан №2 жана №8 түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан эркектер жана аялдар катышкан.