“Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн өлтүрдү” деп шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 20 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 2-февраль күнү саат 13:15 чамасында №4-шаардык ооруканага сол бутунан жаракат алган Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну С.Сапарды кимдир бирөө алып келген. Бирок жабыркаган жаран 3-февралда саат 02:15 чамасында алган жаракатынан улам каза болгон.
Суракка алынган маркумдун досу С.Жанардын айтымында, 2-февраль күнү Сапар экөө №47-жаза аткаруу мекемесине Ильич аттуу жазасын өтөп жаткан таанышына тамак киргизүү үчүн барышкан. Аны менен жолугушууну күтүп отурушкан учурда Сапар акча алып келүү үчүн сыртка чыгып кетип, ошол бойдон келген эмес. Кийин анын ооруканада жатканы белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектелип Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.
Кылмышка шектүүнүн айтымында, 2-февраль күнү №47-жаза аткаруу мекемесине жазасын өтөп жаткан байкесине жолугуу үчүн барган. Алдынан Сапар чыгып калып, экөө уруша кетишкен. Ошол учурда кылмышка шектүү маркумду буту менен чалып, жерге жыккан. Сапардын колунда бычак болгондуктан бутуна сайылып, жаракат алган. Мындан улам кылмышка шектүү жабырлануучуну ооруканага алып барып, бирок жоопкерчиликтен корккондуктан ал жерден качып кеткен.
Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.