Кечээ, 14-октябрда Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери окуу жайда 30 жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерди туулган күнү менен куттуктап, майрамдык маанай тартуулашты. Тийиштүү видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодон күтүүсүз куттуктоого кубанган кызматкердин көзүнө жаш алганын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары студенттердин мындай кадамын жогору баалап, аларга алкыштарын билдиришүүдө.