Орусиянын Дагестан аймагында операциядан кийин каза болгон 19 жаштагы Марьямдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши сотто каралууда. Бул иш боюнча хирургга, анестезиологго жана медайымга айып тагылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Марьям өт баштыкчасындагы таштарды алдыруу үчүн пландуу операцияга кирген. Операция ийгиликтүү өтүп, кыз бөлмөгө которулгандан кийин даргерлердин көзөмөлүсүз калган. Ал эми ага шашылыш жардам көрсөтүлгөн учурда, кыздын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, бейтап 1 саат 38 мүнөт бою тийиштүү көзөмөлсүз калган. Ооруканадагы камералардан айрым медициналык кызматкерлердин кесиптешинин тоюна кеткени көрүнгөн.
Каза болгон айымдын артында 1 жаштагы кызы калды. Анын ата-энеси күнөөлүүлөрдүн адилеттүү жазага тартылышын талап кылууда.