Бишкекте көчөдө заара ушатууга шектелген 31 жаштагы жаранга чара көрүлдү. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.
Айта кетсек, кечээ, 14-октябрда соцтармактарда анын кылыгы тартылган видео тараган.