17-декабрь күнү Чүй облустук ИИББдин кызматкерлери тарабынан Москва районунун жашоочусу 3 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган кылмыш боюнча кармалган 1962-жылы туулган З.В. буга чейин адам өлтүрүү, уурулук жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен соттолгону анык болду. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 247-беренеси (мыйзамсыз баңгизатын сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.