Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда өспүрүмдөр менен никеде тургандарга айып пул жогорулатылды 

Өзбекстанда 18 жашка чейинки жарандар менен никеге тургандарга айып пулду жогорулаткан мыйзамга кечээ, 14-октябрда президент Шавкат Мирзиёев кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жашы жете электер менен никеде жашагандарга 4,4 миллиондон 6,6 миллион сум (кыргыз валютасына 32-48 миң сом) айып салынат. Ал эми алардын ата-энелери 8,8 миллиондон 11 миллион сум (64-80 миң сом) төлөшөт. Ошондой эле мыйзамсыз нике кыйган дин кызматкерлерине 13,2 миллиондон 22 миллион сумга (96-160 миң сом) чейин айып пул каралды.

Мындан сырткары, өлкөдө өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында жаңы тартип киргизилди. Ага ылайык, мыйзамсыз нике тууралуу кабар берген жарандарга айып пулдун 15 пайызы сыйлык катары берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан