Бүгүн, 15-октябрда президент Садыр Жапаров Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна барды.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.