Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Арменияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду. Аны учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто кызыл килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Ошондой эле Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинди.
Расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен өтүүдө.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат. Мындан тышкары, Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.