Йемендин Аден шаарындагы аль-Маашик президенттик сарайына жасалган хуситтердин ракеталык чабуулунан кеминде беш адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, чабуул учурунда ал жерде болгон премьер-министр жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жабыркаган.
Белгилей кетсек, буга чейин 7-11-октябрь күндөрү Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко жасалган чабуулдардан 17 адам каза болуп, 333 адам жаракат алган.