Кечээ, 15-октябрда президент Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн лидерлер саммитинин расмий ачылышына катышты.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, өлкө башчысын Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.
Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.