Биз социалдык тармакта

Кыргызстан "Евразия" эл аралык сыйлыгынын алты байгесин жеңип алды

Кыргызстандын алты долбоору "Евразия" эл аралык сыйлыгынын лауреаты болду. Кечээ, 15-октябрда Москва шаарындагы "Россия" улуттук борборунда сыйлык тапшыруу аземи өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн 1000ден ашуун катышуучу, эксперттер, өнөктөштөр жана коноктор чогулду.

Кыргызстан кайрымдуулук, билим берүү, журналистика, жаштар кызматташтыгы жана тарыхый эскерүүлөрдү сактоо багыттарындагы долбоорлору менен барды.

"Жүрөктүн чакырыгы" номинациясында Элина Янкова "Камкордук маршуруту" долбоору менен биринчи орунду алды. Долбоор Бишкек шаарында онкологиялык жана гематологиялык оорулары бар балдарды акысыз, жеке тартипте ташууну камсыздайт. Эки жыл ичинде 2000 жол жүрүү уюштурулуп, 300дөн ашык үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

"Евразиянын үнү" номинациясында Көкүл Арипова "Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттигинин долбоору менен жеңүүчү болду. Сегиз айымдан турган команда түзгөн эки тилдүү медиа жарандар жана окуялар тууралуу маалымат берип, тарыхый эскерүүлөрдү сактоого жана аудиторияны маданият менен тааныштырууга багытталган.

"Жаркын башталыш" номинациясында Алия Султамуратова "STEM Kyz Kyrgyzstan" долбоору менен биринчи орунду ээледи. Долбоор кыздардын илим жана технология тармагында билим алышына, насаатчылар менен иштөөсүнө жана өз долбоорлорун өнүктүрүшүнө көмөктөшөт. Демилге биринчи жылы 16 өлкөдөн 4590дон ашык катышуучуну камтыды.

"Евразиянын лидери" номинациясында Аскар Шайкидинов "Мен кыялданган Кыргызстан" жаштар платформасы менен экинчи орунду алды. Бул багыт 50 миңден ашык катышуучуну бириктирип, жаштарды аймактарды өнүктүрүүгө тартат.

"Муундардын эскерүүсү" номинациясында Марат Кутанов "Муундарды бириктирген эскерүү" долбоору менен экинчи орунга татыды. Долбоордун катышуучулары ардагерлерге жардам берип, эскерүү иш-чараларын өткөрүшөт жана коомдук иштерге катышышат.

Ошондой эле "Жаркын башталыш" номинациясында эл аралык ачык добуш берүүнүн жеңүүчүсү Арназ Уланов болду. Анын "BilimX" долбоору аймактардагы мектеп окуучуларына насаатчылардын колдоосун алууга, изилдөө программаларына катышууга жана билим берүү, ыктыярчылык демилгелерин биргелешип ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Жалпысынан сыйлыктын тогуз негизги номинациясы боюнча лауреаттар аныкталды. "Евразия" эл аралык сыйлыгынын жалпы байге фонду 17 миллион рублди түздү. Мындан тышкары, сыйлыктын башкы өнөктөшү Россотрудничествонун атайын "Орусиянын досу" номинациясы боюнча да сыйлыктар тапшырылды.

2026-жылы сыйлыкка 73 өлкөдөн 5512 арыз келип түштү. Долбоорлорго эксперттик баа берүү үчүн 15 өлкөдөн 165 адис тартылды. Ал эми эл аралык калыстар тобунун курамына 50 адам кирди. Финалга Армения жана Өзбекстандан тартып Бразилия менен Колумбияга чейинки 29 өлкөнүн өкүлдөрү чыкты.

"Евразия" эл аралык сыйлыгы экинчи жолу өткөрүлдү. Ал эл аралык кызматташтык, билим берүү, маданият, тарыхый эскерүүнү сактоо, орус тилин жайылтуу, социалдык жардам жана ыктыярчылык багыттарында долбоорлорду ишке ашырган адамдарды жана уюмдарды колдоого багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан