АКШнын президенти Дональд Трамп анын администрациясы Орусия жана Кытай менен өзөктүк куралдарды кыскартуу маселесин талкуулап жатканын билдирди.
"Эгер мүмкүн болсо, мен анда өзөктүк куралдан баш тартуу үчүн кубанмакмын. Бирок биз чындыгында Орусия жана Кытай менен бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз",- деди Трамп Newsmax телеканалына кечээ, 15-октябрда берген маегинде.
Ал үч өлкө өзөктүк куралдарды кыскартуу жөнүндө көп сүйлөшөрүн айтып, бирок чоо-жайын тактаган эмес.