Бишкек шаарында коомдук унааларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, инспекторлор борбордогу Транспорт муниципалдык ишканасындагы автобустардын техникалык абалын жана айдоочулардын тиешелүү документтерин текшеришти.
"Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",- деп белгиленет маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ кечинде Бишкекте автобус 6 унаа менен сүзүштү. Коомдук унаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталды.