Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады. Бүгүн, 16-октябрда жарыяланган маалыматта Субакожоева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулуп жатканы белгиленет.
Эске салсак, ал бул кызматка быйыл июнь айында дайындалган.