Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айзада Субакожоева дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда президенттин администрациясынан маалымдашты.
Берилген маалыматтка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Мусаева бул кызматка 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ал эми Субакожоева буга чейин Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.