Баткендин Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин бүгүн, 16-октябрдагы маалыматында айтылат.
Билдирүүдө белгиленгендей, жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жол жүрүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түздү.