Биз социалдык тармакта

Чүйдө балыкты кайра иштетүүчү завод ачылды

Кечээ, 15-октябрда Чүйдүн Аламүдүн районунда "Салих Аква" балыкты кайра иштетүүчү заводу ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын түзөт. Ишканада форель, осетр жана балыктын башка түрлөрү терең иштетилип, даяр продукциялар чыгарылат. Завод кластердин өзүнө таандык чарбалардан гана эмес, башка ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдөн да чийки зат кабыл алат.

Заводдун негизги багыттарына жылына 5 миң тоннага чейин балык тоютун өндүрүү, балык икрасын инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, форель жана осетр балыктарын багуу, кара икра өндүрүү жана балыкты терең кайра иштетүү кирет. 2022-жылдан бери кластерди өнүктүрүүгө жалпысынан 10 миллион долларына жакын инвестиция тартылган. Анын ичинен 6,355 миллион долларын Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан