
2026-жылдын 2-ноябрга чейин DemirBankтын кардарлары онлайн-кредит боюнча жылдык 0%дан 19,99%га чейинки каалаган пайыздык ченди өз алдынча тандай алышат. Өтүнмөнү мобилдик тиркеме аркылуу берүүгө болот. Анда тандалган пайыздык чендин жактырылуу ыктымалдыгынын болжолдуу көрсөткүчү чагылдырылат.
Акцияга катышуу үчүн DemirBank мобилдик тиркемесине кирип, онлайн-кредит алууга өтүнмө берүү, насыянын суммасын жана мөөнөтүн тандоо, андан соң каалаган пайыздык ченди көрсөтүү зарыл.
Арыздар күн сайын саат 18:00дө насыя берүүнүн белгиленген күнүмдүк лимитинин чегинде каралат. Насыя берүүнүн күнүмдүк лимити 2 млн сомду түзөт. Өтүнмөлөрдү кароодо жогорураак пайыздык ченди тандаган арыздарга артыкчылык берилет.
Эгер тандалган пайыздык чен жактырылбаса, кардарга банктын стандарттык пайыздык ченинен 1 пайыздык пунктка төмөн чен менен онлайн-кредит алуу сунушталышы мүмкүн. Мисалы, стандарттык чен жылдык 19,99% болсо, альтернативдүү сунуш жылдык 18,99%ды түзүшү мүмкүн.
Акциянын аяктаарына эки жума калды. 2026-жылдын 2-ноябрга чейин DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берүүгө жана каалаган пайыздык ченди тандоого болот.
Акцияга катышуунун толук шарттары менен DemirBankтын расмий сайтынан таанышууга болот.
ЖППЧ— 22,3%га чейин. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын № 035 лицензиясы.