Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы тарабынан жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга жалпы 5 миллион 230 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди.
Уюмдун бүгүн, 16-октябрда тараткан маалыматы боюнча, жарандарга камсыздандыруунун мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.